КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Профсоюздар жыйында

  2017-жылдын 13-сентябрында Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин профсоюз уюмдарынын төрагаларына жана активистерине бир күндүк окуу-семинар уюштурулду. Семинар Профсоюздардын борбордук комитетинин демилгеси менен өткөрүлдү. Семинарга Профсоюздардын борбордук комитетинин укук жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.А.Карабева жана Профсоюздардын Талас облустук кеңешинин төрагасы А.Жакшымбетов катышышты. Семинардын негизги максаты профсоюз кыймылы жөнүндө жалпы түшүнүк берүү жана просоюз уюмдарынын негизги ишмердүүлүк багыттары жөнүндө болду.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь