КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

«Бирге окуйбуз» долбоору менен

  Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы балдар китепканасында USAID уюмунун «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында «Коомдук балдар китепканаларында окуу чөйрөлөрүн жакшыртуу» темасында өтүлгөн 2 күндүк семинарда Бакай-Ата райондук балдар китепканасына жана райондук балдар китепканаларга 233,6 миң сомдук кыргыз, орус тилдериндеги китептер топтому белекке берилди. Бул долбоордун максаты коомчулуктун мүчөлөрүнүн активдүү дем берүүсүнүн жардамы менен башталгыч класстарынын окуучуларынын окуу жөндөмдөрүн жакшыртуу боюнча билимин өркүндөтүү. Ал эми китептер топтомунда ар кайсы улуттун элдик жомоктору, элдик эпостор жана жаныбарлар дүйнөсүнүн балдарга ылайыкталган басылмалары камтылган.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь