КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Манас районудна  президенттик шайлоого даярдыктар  жүрүүдө

  2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүнө карата Манас районунда бүгүнкү күндө төмөндөгүдөй иш чаралар жүргүзүлүүдө.

  Манас району боюнча  22 шайлоо участоктору болсо, ал участоктордо 61-оператор, техникалык жардамдарды көрсөтүүчү группада 6  адам  жана 2 окутуучу бекитилген.

  Ал эми 2 окутуучу бүгүн 2017-жылдын 7-сентябрь күнү Манас райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында операторлорду окутуу өткөрүлүп, ал боюнча видео роликтер көрсөтүлүүдө.

  Учурда  райондун баардык шайлоо участоктору  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн татыктуу өткөрүүгө толук даяр.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь