КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН АППАРАТЫНЫН официалдуу интернет-ресурсу

Кара-Буура районунда  спорттук –техникалык коргонуу уюмунун  имаратынын ачылышы болуп өттү

  2017-жылдын 7-сентябрында Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында Кыргыз Республикасынын Айтыш Кошонов атындагы Кара-Буура райондук спорттук –техникалык коргонуу уюмунун  имаратынын ачылышы болуп өттү.  Салтанатуу иш чарага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  биринчи орун басары  Чолпон Төрөкулов  катышты.  Чолпон Төрөкулов өз сөзүндө,   кызматкерлерди  жаңы имаратуу болуусу менен  куттуктап, эмгек жамаатына  ийгиликтерди  каалады. Бүгүнкү күндө спорттук –техникалык коргонуу уюмунда ВС категориясында 70 адам, В категориясында 34 адам  окушууда.

 

 



Ыйгарым укуктуу өкулдүн блогу
Календарь